Turmush — Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жергиликтүүлөрдүн эс алуусуна жагымдуу шарт түзүү максатында Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу тоо этегиндеги Орто-Арык айылындагы «Жашыл мурас» сейил багына 100 түп арча, карагай жана башкалар отургузулду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Орто-Арык айылы Курама айыл аймагында жайгашкан. Анда 2023-жылы 1,2 гектар жерге сейил бак ачылып, айланасы тосулган.
Жаз алды менен сейил бакка ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, дагы 200 түп ар түрдүү сорттогу бак-дарактарды отургузуу мерчемделүүдө.