Turmush — Кубанычбек Рыскулов Манас районунун Семетей айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка 29-февраль күнү кол коюлду. К.Рыскулов буга чейин Манас районунун Май айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп иштеген.
- Административдик-аймактык реформанын алкагында Манас районундагы 5 айыл аймак 3 айыл аймакка бириктирилген. Анын алкагында Покровка жана Кайыңды айыл аймактары биригип, Семетей айыл аймагы түзүлгөн.