Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 14.05.2014 10:23

Мурунку жылдары ВИЧ-инфекциясынын таралышы боюнча Ош шаары алдыда турса, 2012-жылы Чүй облусунда көп катталган (статистика)

Turmush -  Кыргызстанда 2006-жылга чейин ВИЧ-инфекциясынын таралышы жаңы учурлардын аныкталышы боюнча Ош шаары алдыда турса, 2007-жылдан тартып жаңы учурлардын санынын өсүшү Ош, Чүй жана Бишкек шаарларында белгиленет. Мындай маалымат Республикалык СПИД борборунун статистикалык маалыматына таянуу менен КР Миң жылдык өнүктүрүү максаттарына жетишүүдөгү прогресс жөнүндө үчүнчү отчетунда малымдалат.

Региондор боюнча ВИЧ-инфекциясынын кайрадан аныкталуусунун саны (2012-ж.):

Чүй облусу – 1297 учур;

Ош шаары – 911;

Ош облусу – 820;

Бишкек шаары – 640;

Жалал-Абад облусу – 491;

Ысык-Көл – 80;

Баткен облусу – 79;

Нарын облусу – 48;

Талас облусу – 46, (Булак: Республикалык СПИД борбору).

ВИЧ/СПИДдин таралышын токтотуу жана ооруга чалдыгууну; безгектин жана башка негизги оорулардын таралышын токтотуу жана ооруга чалдыгууну кыскартуу тенденциясынын башталышын улантуу - Миң жылдык өнүктүрүү максаттарындагы ВИЧ/СПИД, безгек жана башкаларга каршы күрөшүү багытынын негизги милдеттери болуп эсептелет.

Миң жылдыктын өнүгүү максаттары - бул 2015-жылга карата жетишүүгө тийиш болгон 8 максат. Миң жылдыктын декларациясы 2000-жылдын сентябрь айында БУУнун Миң жылдыктын саммити учурунда 189 өлкө тарабынан кабыл алынган жана Кыргызстан менен 147 мамлекет жана өкмөт башчылары кол койгон.

Кошумчалай кетсек, бул отчет — прогресс жөнүндө 3-отчет болуп эсептелет. Буга чейин, 1-отчет - 2003-жылы, 2-отчет - эки чыгарылышта 2008-2010-жылдары даярдалган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×