Turmush — Ош технологиялык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасы тарабынан «Эне сенин бейишиң» деп аталган тарбиялык маанидеги иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Кечеде эненин түйшүгү, бала тарбиялоодогу, коомдун өнүгүүсүндөгү энелердин орду жөнүндө ырлар жаңырып, видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, студенттердин апаларына болгон сагынычын билдирип жазган каттары окулду.
Аталган иш-чарада физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын башчысы А.Б.Сатыбалдыев сөз сүйлөп, баланын эң биринчи тарбиячысы, жол көрсөтүүчүсү, акыл насаатчысы бул жалгыз гана апа экендигин белгиледи.