Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2014 08:56

Ат-Башынын Казыбек айылында 260 метр чарчы аянтты ээлеген медициналык борбор курулууда

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айыл аймагында биринчи ирет Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондусу тарабынан 260 метр чарчы аянтка медициналык жай курулууда. Бул тууралуу Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Нурдин Алиев билдирди, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Анын маалыматы боюнча, 12-май күнү аталган фонд тарабынан өкүлдөрдүн келиши менен медициналык жайдын алгачкы курулуш иштеринин пайдубалына кутуча куюлду.
«Бул курулуш иши Казыбек айылында биринчи жолу салынууда, себеби буга чейин башка айылдарда мындай чоң медициналык жай курула элек болчу. Азыркы тапта бардык курулуш материалдарын алып келишип, пайдубалын түптөө ишин баштап жатышат. Бул демилге ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбековтун көмөгү аркылуу ишке ашырылууда. Бул медициналык жай быйыл курулуп ишке берилсе, анын ички керектелүүчү медициналык жабдыктарын толтуруп беребиз деп жатышат. Алдыда дагы бир айылдын медициналык тармагынын көйгөйү чечилгени турат десем жаңылбайм», - деди Н.Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×