Turmush — Бүгүн, 5-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кана эмесе кыздар ай» аталышындагы акыл таймашы өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Айымдарды даңазалоого багытталган бул сынакка Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Атыргүл Кожоева , шаардык кеңештин депутаты Айгүл Атабековна, Ош шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси Гүлүмкан Урустамова, ОшМУ, КӨЭАУ жана Ош облустук ооруканасынан өкүлдөр, окутуучулар жана студенттер катышты.
Сынак жалпы 4 турду өзүнө камтып, мында ар бир факультеттен суурулуп чыккан 7 кыз ат салышты. Жободо белгиленгендей, катышуучулар категориялык тандоо жасашып, макалдарды улап жана аны чечмелеп, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча өздөрүнүн акыл дараметин сынашты. Ошондой эле сынактын жүрүшүндө Курманжан датка, Мыскал Өмүрканова, Зууракан Кайназарова сындуу кыргыздын кыраан кыздары жөнүндө айтып беришти.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 3-орунду табият таануу жана география факультетинин студенти Гүлзат Аданова, 2-орунду кыргыз-россия факультетинин студенти Бурулай Таирбекова жана 1-орунду музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти
Нагима Нурбек кызы багындырды. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар уюштуруу тобу тарабынан акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.
Бул менен бирге окуу жайдын аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө КР аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева тарабынан Республикалык аялдар кеңеши бирикмесинин мүчөсү күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. Белгилей кетсек, аталган иш-чара Республикалык аялдар кеңешинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен окуу жайдын аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.