Turmush — Ош технологиялык университетинин окутуучулары Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинде өткөрүлгөн «Санариптик технологиялардын объекттерин энергия менен камсыз кылууну өнүктүрүүнүн заманбап көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, конференция онлайн жана офлайн форматта өткөрүлүп, ОшТУнун окутуучулары санариптик технология жана аны колдонуу менен байланышкан илимий докладдарын жасашты.
Аталган иш-чарага Америка Кошмо Штаттары, Россия, Армения, Норвегия жана Кыргызстан мамлекеттеринен белгилүү окумуштуулар катышты.