Turmush — Ош технологиялык университетинде «Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун мамлекеттик жөнгө салуу» аттуу темада конок лекция өттү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чара гуманитардык-технологиялык колледжинин экономика кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Конок лекцияны Экономика жана коммерция министрлигине караштуу финансылык көзөмөл кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Үмөталы Эркинбаев жана жетектөөчү адиси Алтынбек Эргешов окуду. Лекцияга келген студенттер жана окутуучулар жамааты тарабынан лекторго суроолор берилип, жооптор алынды.