Turmush — Кечээ, 28-февралда Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тил жана социалдык иштер бөлүмү жана студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган «КӨЭАУ мырзасы-2024» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Кароо-сынактын жобосуна ылайык, университеттин факультет, колледждеринен мыкты деп табылган 8 мырза ат салышты.
Сынактын башында окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университеттин 30 жылдыгына карата өтүп жатка иш-чаранын максатына токтолуп, ар бир түзүмдөн тандалып чыккан мырзаларга ийгилик каалады.
Кароо-сынак жалпы 4 этаптан туруп, калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында медициналык колледжден чыккан Арзыбек Акматов баш байгени багындырып, «КӨЭАУ мырзасы-2024» деп табылды. Ал эми 1-орунду кесиптик колледжинин студенти Жээнали уулу Ысмайыл, 2-орунду гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Молдабай уулу Якубжан, 3-орунду инженердик-технологиялык факультетинин студенти Абдулвахид Казаков камсыздашты. Калган катышуучулар кызыктуруучу диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чарага Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, КӨЭАУнун бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев калыстык кылып, акчалай колдоо көрсөтүштү.
«Бул кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты студенттерге жагымдуу маанай тартуулоо менен аларга кыргыз элинин маданиятын, таалим, тарбиясын көкүрөгүнө сиңирип, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу болуп саналат», - дейт уюштуруучулар.