Turmush — Халмурза Досанов Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, райондо жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактары бириктирилип, Молдо Нияз айыл аймагы түзүлдү. Алга айылы административдик борбору болду. Аталган айыл аймактын башчылыгына Досанов Халмурза Маликович дайындалды.
Буга чейин Алга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган.