Turmush — Замирбек Максүтов кайрадан Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка карагнанда, райондо жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактары бириктирилип, Орозбеков айыл аймагы түзүлүп, Учкун айылы административдик борбору аталды.
Замирбек Максүтов буга чейин Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы, кийин Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.