Turmush — Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылынын тургуну, фермер Таалай Осмоналиев сүт багытындагы уйларды асылдандыруу иштерин баштады. Анын иши менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.
«Атам Муктасын Осмоналиев элге кадыры сиңген, мергенчиликке шыктуу адам болчу. “Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” дегендей бала кезден эмгекке бышып, мергенчиликке шыктуу болуп, тайган таптап чоңойдум. Союз тарагандан кийин баарыбыз эле жер иштетип, мал багууга өттүк.
Буга чейин малдын санын өстүрүү менен алектенип келген элек. Жер иштетүү, мал багуу өзүн-өзү актабай, кыйла эле кыйналдык. Акырындык менен фермерликтин ыгын өздөштүрө баштадык.
Учурда малдын санын азайтып, «Голштин» породасындагы эки уй сатып алдым. Бир уйдун баасы 200 миң сомдон айланды. Буларды байкап көрөйүн деп багып жатам. Андан көбүрөөк сатып алууга каражатым тартыш. Уйларды талаага чыгарбай, короонун жанында тоют берип, багып жатам. Жылына 1 гектар жерге жүгөрү айдап, силос даярдайм. Быйыл 55 тонна чыктуу тоют (силос) даярдадым. Азыр уйлар чөптү көп жебей, силос жеп жатышат. Чыктуу тоют болсо, мал семиз болуп, кыштан жакшы чыгат.
Негизи кээ бирөөлөрдөн "асыл тукум уй деле көп сүт бербейт экен" деген сөздү уга калып жүрөбүз. Сүт багытындагы уйдун тоюту начар болсо, кадимки уйлардай эле сүт берип калат. Мындай сүт багытындагы уйларга бир күндө 6-7 килограмм жем, үч маал чөп бериш керек. Мен сыяктуу чыктуу тоют даярдап алса, чөпкө, жемге үнөм болот. Азыр уйлар бооз, буюрса тууса көрөбүз.
Сүт багытындагы уйлардын тоюту жакшы болсо, 30 литрге чейин сүт алса болот экен. Анын үстүнө биздин уйлардан саанынын мөөнөтү узак болуп, 9-10 ай саалат дейт. Бул уйлар эттүү келип, сата турган болсок, берки уйлардан баасы жогору турат. Музоолору да чоң болот. Демек 10 уй сааганча, сүт багытындагы уйдан экини саасак, пайдалуу болуп жатпайбы», - деди ал.
- «Голштин» породасындагы уйдун мекени — Голландия (Нидерланды). Сүт багытындагы ири мүйүздүү мал. Бир жылда 9000 килограммга чейин сүт берет. Тирүү салмагы 850 килораммга чейин жетет. Ал эми букалардын тирүүлөй салмагы 1200 килограммга чейин жетет.
Таалай Осмоналиев мындан сырткары асыл тукум жылкыларды, тайгандарды багып жатат. Ошону менен бирге 40 000 сомго «Арашан» багытындагы кочкор сатып алып, койлордун да асылдуулугун көтөрүүдө.
Мындан тышкары, жумуртка, эт багытындагы тоокторду өстүрүүнү колго алып, инкубатор аркылуу жумурткаларды басып чыгарууда. Ошону менен бирге кызыл сөөлжан өстүрүүдө. Ал үчүн малдын тоютунан чыккан кашек, малдын кыгын сөөлжандарга салып, иштетип турат. Сөөлжандар иштеткен биогумусту айдоо аянтарына семирткич катары чачат.
Таалай Осмоналиев 1970-жылы Жаңы-Жол айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин кесиптик окуу жайында электр ширетүүчү, токарь адистигин алган. Кийин Агрардык университеттен билимин жогорулатып, райондогу суу чарба бөлүмүндө иштеген. 14 жылдан бери жаратылыш коргоо тармагында эмгектенет.
Жубайы Ирина Исакунова Кара-Балта районунун Бекен айылынан. Алардын бир уул, бир кызы жана үч небереси бар.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...