Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Келечек» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ачылыш аземге шаар мэри Мирлан Жекшенов, орун басары Рыскулбек уулу Нурмат, башкы адис Эльмира Султанкулова, бала бакча жетекчилери катышты.
Мирлан Жекшенов шаардагы социалдык маселелерди чечүүнүн, бала бакчалардын ачылышы жана жергиликтүү коомчулуктун жашоо сапатын жакшыртуунун маанисин белгиледи.
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда эффективдүү укуктук шарттарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк субъектилерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк» тууралуу мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлду. Ошондой эле Кыргыз Республикасында 2022-2026-жылдарга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынды. Биринчи кезекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн программаларын ишке ашыруунун алкагында «Келечек» бала бакчасы ачылды.
Биз жергиликтүү коомчулуктун дараметин жакшыртуу жана инвестицияны камсыз кылуу, экономикалык жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек», - деди мэр.
Калаа башчысы жыл сайын Кара-Балта шаарында бирден бала бакча ачыла турганын айтты. Анын айтымында, максаттуу 1 млрд сом трансфертти ишке ашырууда 150 орунга ылайыкталган бала бакчага 89 млн сом жумшалды. Ошондой эле 4 ишкана ачуу пландалып жатат, алардын ачылышы менен 1000ден ашык жумуш оруну түзүлөт.
Белгилеп кетүүчү жагдай, «Келечек» бала бакчасы — мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алгачкы долбоору. Ал 1397 чарчы метрди ээлейт.