Turmush — Ош технологиялык университетинде Интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан «Учурдагы билим сапаты жана жаңы технологияда жасалма интеллекттин орду» деген темада тегерек стол өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, «Аэро-Ош» ААКтын башкы директору Артур Эсенкулов, Жаштардын практикадагы билими «Megalain» компаниясынын негиздөөчүсү Самарбек Субанкулов, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, окуутуучулар жана студенттер катышты.
Бул тегерек стол университетте студенттердин жана окутуучулардын жаңы технология колдонууда илим, билим алуудагы орду, заманбап шарттарга адаптациялоо жана алдыдагы кесиптик ишмердүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулду.
«Студенттердин көйгөйлөрү жана жасалма интеллект — бүгүнкү күндүн талабы» деген темаларда талкуу болуп, бир нече маселе козголду.