Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары Өзбекстанда өткөн IV эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Аталган конференция 16-17-февраль күндөрү Ташкент шаарында Улуттук изилдөө университетинин алдындагы Ташкент ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлер институтунда «Билим берүүнү кайра түзүү: илимди өнүктүрүүдө аялдардын ролу» аталышында болуп өттү.
Ага Франция, Бельгия, Казакстан, Индия, Кыргызстан, Улуу Британия жана башка бир катар өлкөлөрдөн илимпоз аялдар, аспиранттар жана магистранттар катышты. Катарда ОшМПУнун педагогика жана психология кафедрасынан педагогика илиминин кандидаттары: И.Даминова, М.Джалалиддинова, Ч.Акматова, Р.Умарова, аспирант изилдөөчүлөрдөн: М.Маткасымова, С.Жалилова, Э.Мамарасулова, Ж.Заилова жана Нуриза Мамашерип кызы да катышып, өз макалаларын коргошту.
Пленардык жыйында педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Инабат Даминова «Роль кыргызских женшин в научных исследованиях» («Кыргыз аялдардын илимий изилдөөлөрдөгү ролу») деген темада баяндама жасады.
Окутуучулар өз баяндамаларында кыргыз аялдарынын жашоодогу орду, билим берүүнү өнүктүрүүдөгү ролу жана гендердик теңчилик маселелерине токтолушту. Ошондой эле кыргыз элинин улуттук маданиятын чагылдырган аялдардын улуттук кийимдерин даңазалаган слайддарын көрсөтүштү.
ОшМПУнун атынан аталган университетке жана уюштуруучуларга улуттук пано жана атайын белектер тапшырылды.