Turmush — Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 53 жаштагы тургуну Кубанычбек Атабаев байытылган жем чыгарууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2 жыл мурун кооператив түзгөн.
«Колхоздо техник болуп иштегем. Андан кийин 1991-жылы дыйкан чарба болуп бөлүнүп, ар ким өз чарбабыз менен кеткенбиз. Ошондон баштап эле мал менен алектенип, жер иштете баштадым. Мындан 2 жыл мурун кооператив түзүп, айыл чарба багытындагы долбоорлор менен иштеше баштаганбыз. Ошол долбоорлордун каржылоосу менен 24 миң долларга экструдер аппаратын алдырдык. Бул аппарат 150 градуста жемди бышырып чыгарат. 3 компонент арпа, буудай, жүрөгү, төө буурчак болобу кошулуп, аппараттан кадимки эле кичинекей балдар жеген жүгөрү таякчалары (кукуруза) болуп чыгат. Мунун 98% организмге сиңимдүү болот.
Өзүм үйдө мал байлайм. Мисалы малды 100 күндө семиртип баксаң, бул жем менен 60-70 күн байлайт экенсиң. Бул малга гана эмес, канаттууларга да сиңимдүү азык. Бул жемдин 1 кг 31 сом», - деди ал.
Каарманыбыз буга катар эле алар чыгарган тоют менен уйлардын уйдун сүттүүлүгү 30% көбөйүп жатканын айтты.
«Ушул жем чарбаны өнүктүрүү максатында аракеттин үстүндө жүрөм. Бул байытылган жем менен эле токтобостон жүрөгүдөн силос бастырып жатам. Жүрөгүнүн атайы гринлайф деген уругун алып, 1 гектар жерге тигип, 30 тонна силос жасадык. Анын 1 кг 10 сомдон сатылып жатат. Ал эми быйыл 3 гектар жерге жүгөрү айдайбыз деп жатабыз. Мунун баары элдеги малга тоюмдуу азык чыгаруу. Мисалы бул жем менен уйдун сүттүүлүгү 30% көбөйүүдө», - деди ал.
Фермер жубайы экөө 6 бала, 2 неберенин ата-энеси.