Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын тургуну, коомдук ишмер Камчыбек Үкүев 65 жаш курагында Түркияда дүйнө салды. Бул тууралуу жакын таанышы Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Маалым болгондой, Камчыбек Үкүев аялын операция жасатуу үчүн Түркияга алып барган. Бирок, ал жактан өзү дагы ооруп, ооруканага жаткан. Кечээ, 16-февралда мечитке барып, намаз окуп жаткан учурунда каза болгон.
«Алла жанымды алгың келсе, мени оорутуп, көчөдөн же үйдөн эмес, мечиттен алып кет" деп дайыма дуба кылчу», - дешти балдары.
Алардын айтымында, Камчыбек Үкүев айылга мечит салдырып, кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерин жасап келген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 20-февралда Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылында саат 10:00дө өтөт.
Анын артында 2 уул, 8 небереси калды.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...