Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун алыскы Миң-Куш шаарчасы (азыр айыл) 1949-жылы негизделген. СССРдин кезинде гүлдөгөн Миң-Куштун азыркы жана архивдик сүрөттөрү менен бөлүшөбүз.
Миң-Куш деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан. Аймагы отун-энергетикага, минералдык-сырьёлук ресурстарга бай. Ошондой эле күрөң көмүр, кум, майда шагыл аралашмасы сыяктуу кендери көп. Миң-Кушта уран 1969-жылга чейин казылган.
Миң-Куштун ураны советтик ракета чыгарууга колдонулган. Мындан тышкары «Оргтехника» ишканасынан чыккан түстүү калемсаптар (фломастер) СССРдин курамындагы бардык өлкөлөргө экспорттолгон. Кезинде согуш туткундары менен абактагылар салган эки кабат «сталиндик» жыгач үйлөр көп. Алардын дээрлиги ушул күнгө чейин сакталып келет.
Советтик мезгилде шаарчада 20 миңдей киши жашаса, азыр 4 миңге жетпеген эл бар.
Миң-Куш айылы республиканын борбору Бишкектен 400, облустун борбору Нарын шаарынан 300, райондун борбору Чаек айылынан 55 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Үч орто, балдардын музыкалык жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, 4 бала бакча, маданият үйү, 2 клуб, стадион, 70 орундуу оорукана, поликлиника, дарыканалары бар. Тез жардам бөлүмү, АТС (автоматтык телефон станциясы), почта, соода мекемелери, тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү элди тейлейт.
Учурда райондо 21 көмүр ишканасы болсо, анын 15ке чукулу мына ушул Миң-Куш айылында жайгашкан. Алардын түшкөн салыктан улам айылдагы инфратүзүм жакшырып, жумушчу орундар пайда болгон. Учурда Миң-Куш райондогу бай айыл өкмөттөрдүн катарында. 2020-жылы «Эң мыкты айыл өкмөтү» мамлекеттик сынагында экинчи орунду алып, 1 000 000 сом менен сыйланган.