Turmush — Ош технологиялык университетине Түштүк Корея мамлекетинин Суңшил университетинен делегация келип, ректор Жанболот Турсунбаев менен жолугушту.
Аталган университеттен «7+1» (7 семестр окуу, 1 семестрчет өлкөдө ыктыярчылык) программасы боюнча эки ыктыярчы студент келди. Алар май айына чейин 4 ай бою ОшТУдагы корей борборунда окуп жаткан студент, окуучуларга корей тилинен сабак беришет.
«7+1» ыктыярчылык программасы боюнча 2019-жылдан бери ыктыярчы студенттер ОшТУга келип, студенттерге корей тилин үйрөтүп, эки окуу жайдын ортосундагы ар тараптуу мамилелердин бекемделишине, өнүгүшүнө салым кошуп келишет.
Мындан сырткары өткөн жылы жай мезгилинде аталган университеттен 23 ыктыярчы (3 мугалим, 20 студент) келип, ОшТУнун студенттери үчүн жайкы лагерь өткөрүп беришти.
Ошондой эле Түштүк Кореянын Кодже университетинин механикалык инженерия факультетинин башчысы Шин Донг Чхоль баштаган делегация иш сапары менен келди. Келген конокторду ректор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү.