Turmush — Бүгүн, 14-февралда Ош технологиялык университетинин көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Отурумда Ош технологиялык университетинин 2023-жылдагы атайын каражаттан сарпталган каржы-экономикалык иш-аракеттери, чарбалык ишмердүүлүгү жана университеттин окуу-материалдык базасын жакшыртуу маселелери, 2024-2025-окуу жылына акы алып кызмат көрсөтүүлөр, жана башка бир канча маселелер каралды. Негизинен аткарылган иштерге оң баа берилип, окуу жай тарабынан сунушталган сунуштарга макулдук берилди.
Жыйынга ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев жана күн тартиби боюнча жооптуу кызматкерлер катышты.
Ош технологиялык университетинин көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы:
- Б.Б.Зулуев, ОшМПУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор;
- З.Б.Юсупов, Ош шаарынын мэринин орун басары;
- М.К.Исраилов, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы;
- Ч.А.Адылов, Б.Сыдыков атынындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин маалымат жана инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, технология илимдеринин кандидаты, доцент;
- М.М.Гуронов, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин жетекчиси;
- М.М. Үсөнов, БатМУнун экономика жана финансы боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент;
- М.Р.Мусабаева, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү;
- К.М. Ниязбеков, «Ниязбеков Кушубак Мамашович» жеке ишканасынын салык консультанты жана бухгалтери;
- А.Ташбаев, ОшТУнун бизнес-информатика жана маалыматтык экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор;
- А.Акматалиев, ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору, философия илимдеринин кандидаты, доцент.