Turmush — Бүгүн, 14-февралда Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата Ош технологиялык университетинде китеп сүйүүчүлөр үчүн китеп жармаңкеси өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара «Интеллект өнүктүрүү» борбору тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышты. Анын негизинде жарамаңкеге коюлган китептер арзандатылган баада сатылып, окутуучулар жана студенттер өздөрүнө керектүү болгон жаңы китептерди алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Ошондой эле жармаңкеде студенттердин колунан жасалган даамдар арзан баада сатыкка коюлду.