Turmush — Ош технологиялык университети Германия кызматташтык уюму (GIZ) менен биргеликте 3 күнгө пландалган логистика багыты боюнча семинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, семинардын максаты — иш берүүчүлөр менен университеттин кызматташуусун баштоо жана логистика багыты боюнча окуп жаткан студенттерди өндүрүштүк практикадан өткөрүү, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыздоо болуп саналат.
Семинардын жүрүшүндө ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев Кыргызстандын түштүгүндөгү 18 өндүрүштүк ишкана (фермердик, тамак-аш, кайра иштетүү, үрөн өндүрүү, кампаларды түзүүчү жана башкалар) менен кызматташуу келишимине кол койду жана ал ишканалардын менеджерлерине, университеттин окутуучуларына усулдук семинарлар уштурулду.
Семинарды Берлин шаарынан келген профессор Френк Гиллерт өтүүдө.
Ош технологиялык университетинин менеджмент кафедрасы Германия кызматташтык уюмунун «Логистика боюнча коопаративдик программаны түзүү» долбоорун утуп алган. Бул иш-чара аталган долбоордун алкагында өтүүдө.