Turmush — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуунун мыкты жолго коюлушун камсыздоо максатында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Кеңешмеге белгиленген окуу жылына карата түзүлгөн кабыл алуу комиссиясынын курамы, профессордук окутуучулар курамынан жооптуу тараптар жана ректорат катышты. Жыйындын жүрүшүндө профориентациялык иштерди жүргүзүүгө жооптуу жетекчилер дайындалды.
«Профориентациялык тапшырма менен иш сапарына барган окутуучулар мектептерди кыдырып, окуу жайдын өзгөчөлүктөрүн тааныштыруу менен эле чектелбей, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Россиянын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайлары менен 1+1, 2+2 программасында кызматташуунун алкагында кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүн, ишканалар менен биргеликте жүргүзүлгөн дуалдык окуунун артыкчылыктарын жеткирип, социалдык жеңилдиктер, академиялык мобилдүүлүк багыттары боюнча кенен маалымат берүү тапшырмасы берилди», - деп айтылат маалыматта.