Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусуБаткен району 08.05.2014 12:12

Баткендеги окуя учурунда октон жаракат алган жаран оор абалда, - министр Д.Сагинбаева

Turmush -  Кечээ, 7-майда Баткен районунда орун алган окуянын жабырлануучусу оор абалда, деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин отурумунда.

Анын айтымында, кечээ КР 14 жараны жаракат алып, анын ичинен 5 адам Самаркандек ооруканасына кайрылган, алар амбулатордук түрдө дарыланууда.

«9 адам Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Алардын бири октон жаракат алып, оор абалда, калгандарынын абалы орто», - деди Д.Сагинбаева.

Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Кыргызстандын жараны сайсыз мылтык алып чыгып, бирок колдонгонду билбей, өзүнүн бутуна атып алган, деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×