Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.05.2014 18:06

Ысык-Көлдөгү бардык медиктер чума менен холера оорусун билүү боюнча атайын тестирлөөдөн өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы бардык медиктер чума менен холера оорусун билүү боюнча атайын тестирлөөдөн өтөт. Бул тууралуу карантин жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын Каракол шаардык бөлүмүнүн директору Равшан Маймулов билдирди.

Анын айтымында, ар бир медик алдын алуу чараларын жана чума менен холера сыяктуу оорулардын инфекцияларынын пайда болушунда кандай кам көрүү керектигин билүүсү керек.

«Тестирлөөдөн Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы аймактык ооруканалардын дарыгерлери жана Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканада эмгектенген 800 медик өттү», - деди ал.

Р.Маймулов белгилегендей, медицина кызматкерлерин аттестациялоо ушул жылдын 2-майында башталган жана 20-майга чейин улантылат.

Андан соң, тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, начар көрсөткүчтөгү медиктер атайын тренингдерден өтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×