Turmush — Beeline Кыргызстан абоненттердин өсүп жаткан муктаждыктарына көңүл буруу менен өз тармагынын сапатын тынымсыз жакшыртууда. Иштин натыйжалуулугу керектөөчүлөрдүн тажрыйбасына негизделген көз карандысыз изилдөөнүн натыйжалары менен тастыкталат.
Тестирлөө байланыш тармагында дүйнөлүк лидер болгон Ookla® компаниясынын Speedtest® тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Мобилдик интернеттин ылдамдыгы абоненттердин өздөрү тарабынан өлчөнөт жана Ookla® алынган маалыматтарды талдайт.
Изилдөөнүн натыйжалары таң калтырат: эгерде 2023-жылдын 3-кварталында Beeline 4G интернет ылдамдыгы боюнча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда лидер болсо, 4-кварталда ал Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернетке ээ оператор деп таанылды. Ошол эле учурда 4G интернетинин ылдамдыгы жыл ичинде 19,34 Мбит/с дан 29,89 Мбит/с га чейин жогорулаган.
Бул көрсөткүчтөр Beeline тармагынын үзгүлтүксүз өнүгүүсүн көрсөтүп турат. Уюлдук оператор базалык станциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бүтүндөй Кыргызстан боюнча жаңы аймактарды камтууну камсыз кылуу менен көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууну улантууда. Тактап айтканда, учурда өлкөнүн түндүгүндө — Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында чоң иштер аткарылып жатат.
«Декабрь айында түндүк аймактарда 50дөн ашык жаңы позиция пайда болду, анын ичинен 30 жаңы позиция Ысык-Көлдө. Бул башталышы гана: 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында биз ондогон жаңы сайттарды курууну жана жүздөн ашык базалык станцияларды жаңыртууну пландап жатабыз. Анан, албетте, биздин Абоненттерди эң ылдам 4G интернет менен камсыз кылууну улантабыз. Beeline бул тапшырманы канчалык ийгиликтүү аткара алат — Speedtest® көрсөтөт, ал эми биз жакшы натыйжаларга жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз», - деп билдирди Beeline Кыргызстандын Башкы директору Андрей Пятахин.
Ookla® компаниясы — интернет ылдамдыгын текшерүү жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Анын миссиясы — интернетти жакшыраак, тезирээк жана жеткиликтүү кылуу. Бул максатта компания дүйнөгө белгилүү Speedtest® жана Downdetector® платформаларын, ошондой эле комплекстүү корпоративдик чечимдеринин спектрин иштеп чыкты. Ookla® бул маалыматтары жана куралдары операторлорго жана башка компанияларга кардарлардын тажрыйбасынын негизинде тармактарды талдоо жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон маанилүү маалыматтарды берет.
- 2022-жылдын 3-кварталында жана 2023-жылдын 4-кварталында Кыргызстанда жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® талдоосуна негизделген. Ookla® товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксаттар менен кайра басылып чыгат.