Turmush — Данияр Маканов Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка аким Учкунбек Жоробаев 29-январда кол койду. Жаңы айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатка аким тааныштырды.