Turmush — 27-январь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, отурумга университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков төрагалык кылып, окумуштуулар кеңешинин жалпы мүчөлөрү катышты.
Күн тартибине ылайык факультеттердин, колледждердин жана кесиптик лицейдин жетекчилери ишмердик багыттары боюнча маалымат берип, ѳнүгүү перспективаларын белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө окумуштуулар кеңеши тарабынан түзүм жетекчилерине аткарган иштери боюнча суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Соңунда түзүм жетекчилеринин отчеттору окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылгандыгы белгилүү болду.
Жыйынтыктоо сөзүндө ректор жалпы түзүмдөр тарабынан аткарылган иштер колдоого алына турганын айтып, университеттин ишмердик багыттарын мындан нары өнүктүрүү багытында айтылган сунуштар эске алынып толуктала тургандыгын эскертип, токтом долбоору менен тааныштырды. Токтом долбоорун бекитүү менен окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму жыйынтыкталды.