Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттер үйү толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги катышып, жатаканага студенттерди кабыл алуу иштерин тиешелүү кызматтын өкүлдөрүнө тапшырды.
Учурда студенттер үйү заман талабына ылайыкташтырылып, студенттердин жагымдуу шартта жашоосу үчүн бардык мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эшик-терезелери алмаштырылып, жаңы эмеректер коюлуп, жуунучу бөлмөлөр жаңыланды.
Жатаканага кабыл алууда мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык абалы оор, жардамга муктаж жана алдыңкы студенттерге жеңилдик каралган. Ошондой эле, алыскы райондордон келген студенттер үчүн кезексиз кабыл алуу артыкчылыгы берилген.
ОшТУнун студенттер үйү шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тибинде салынып, жалпы 450 орунга ылайыкташкан.