Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 23-25-январь күндөрү эл аралык «Scopus» системасына катталуу жана бул системада керектүү журналдарды жана башка маалыматтарды алуу» аталышындагы илимий семинар өттү.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, аталган семинар университеттин илим жана инновация бөлүмү тарабынан уюштурулду. Семинарга окутуучулар, аспиранттар жана изденүүчүлөр катышты. Мында «Scopus» системасындагы метрикалар: журналдын метрикалары, макаланын метрикалары, автордун метрикалары жөнүндө кенен түшүндүрмөлөр берилип, «Journal Finder» инструментин кантип иштетүүнү, керектүү журнал табууну үйрөнүштү.
Соңунда семинардын катышуучулары «Scopus» системасына корпоративдик электрондук адрес менен каттоодон өтүштү.