Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 06.05.2014 12:48

Ысык-Көлдө көкүрөк рагына каршы күрөшүүгө арналган марафондук жарыш өтөт

Turmush -  Ысык-Көлдө 10-майда көкүрөк рагына каршы күрөшүү үчүн каражат топтоо ишине арналган 5 км аралыкка марафондук чуркоо болуп өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чуркаганды жана жөө жарышты сүйүүчүлөр үчүн өткөрүлүүчү марафондук жарыш «Кыргыз деӊизи» санаториясынын кире беришинде болот.

Акциянын максаты - сергек жашоону жайылтуу жана көкүрөк рагына каршы күрөшүүгө салым кошуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×