Turmush — Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынын тургуну Кайырбек Коңурбаев бир канча жылдан бери айылдын ичиндеги жер алдынан чыккан тарыхый буюмдарды чогултуп жүрөт. Ал 10 жыл мурда өзүнүн үйүнө ачкан тарыхый-археологиялык музейди кайрадан жасап чыкты.
Аймактык кабарчы археологиялык музейде болуп, анын иши менен таанышып чыкты. Музейде байыркы сүрмө жаргылчак, жанчыма жаргылчак, андан кийинки доорго таандык айланма жаргылчак, карапанын сыныктары, арабча жазуусу бар тыйындар, кыргыз орнаментттери, оюу-чиймелери, шөкөттөр түшүрүлгөн буюмдар, сөйкөлөр, топчулар сакталган. Алардын баары атайын айнектен жасалган текчелерде сакталып турат.
Музейдин түзүүчүсү Кайырбек Коңурбаев: «Мурда экспонаттарды жайып койгом. Кээ бир адамдар көргөнү келгенде, буюмдарды байкатпай алып кетип, бир топ буюмдарды жоготуп алдым. Күмүш тыйындар жок болуп жатат. Ошондуктан атайын жабык айнек текчеде сактап калдым.
Музейди жасоо үчүн демөөрчү 200 миң сом, археолог Кубат Таабалдиев 1000 доллар берген. Ага өз каражатымды кошуп, 3-4 жыл мурун музейди иретке келтирдим. Мындагы артефакттар Кум-Дөбө айылынын түштүк-батыш жагындагы 8-12-кылымдарга таандык Суяб, Ордокент, Кашкар шаарларынын борбордук сепилинин аймагынан табылды. Улам изилденген сайын жаңы табылгалар табылып, шаардын аттары такталып жатат. Менин изилдөөм боюнча Кум-Дөбө аймагында Суяб, Кашкар, Баласагын шаарлары орун алган. Бул тууралуу сегиз жыл мурда “Ааламаттан жок болгон шаарлардын дайыны” деген китебимде далилдеп жазгам. Азыр жазган макалаларымды чет элдик журналдар басканы турат. Бул жер 11-кылымдан бери Кашкар шаары экендигин далилдеген картаны 2023-жылы таптык. Азыр кээ бир тарыхчылар менин далилдериме маани берип, колдой баштады», - деди.
Анын айтымында, музейдеги экспонаттар Кум-Дөбө аймагындагы айдоо аянттардан 20-30 сантиметрден эле чыккан буюмдар.
«Эгер археологиялык казуулар болсо, дагы далай буюмдар чыгат деп ишенем. Бул жердеги карапаларды 45 жылдан бери чогултуп жүрөм. Карапалардын ичинен “Максут Аалы” деген арабча жазуусу бар карапа табылды. Ошондой эле 748-жылы Суябдын сепилин талкалаган учтуу темир куралдар, тешиги бар таш куралдар, сепилдин ичинен чот керки, чырак сыяктуу буюмдар табылды. Айылдын четиндеги кара бактын ичинен кирпичтер чыкты. Кирпичтер өтө бышык, азыркы күндө да бузулбай турат. Чепке суу кирүүчү курлар (суу өтүүчү труба) чыкты.
Кыргыз орнаменттери, шөкөттөрү бар буюмдар, сөйкөлөр, сырдалган керамикалар бар. Мындай керамикалар кыргыздын башка жерлеринде аз», - деди ал.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Turmush в WhatsApp-канале — подпишись!