Turmush — Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаев Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Кытай тараптан жаңыдан дайындалган Конфуций институтунун директору Ан Дыюанды кабыл алды.
Жолугушууда академиялык мобилдүүлүктөр, эл аралык биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору, инвестиция тартуу жана окуу жайдын түрдүү тармактардагы кызматташуусунун стратегиялык багыттары талкууланды.
ОшТУ Кытайда өзүнүн үч расмий өкүлчүлүгүн ачты жана Кытай Эл Республикасындагы бир катар окуу жайлары менен тыгыз кызматташат.