Turmush — Бүгүн, 22-январда Ош технологилякы университетинин кезектеги административдик кеңеши өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ректор Жанболот Турсунбаев окутуучуларга Ош шаардык мэриясы жана президенттин жана Ош обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан берилген ардак грамоталарды тапшырды.
Ардак грамота Ош облусунун социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө жогорку деңгээлде салым кошкондугу жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, 2023-жылдагы жогорку көрсөткүчтөрү, кызматтык милдеттерин аткаруудагы ак ниет эмгеги, шаардын коомдук-саясий, маданий турмушундагы активдүүлүгү үчүн берилди.