Turmush — Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылында музей, спорт комплекс жана тигүү цехи ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара 19-январда Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылында уюштурулду. Ага жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышып, айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевге ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле башына калпак кийгизип, ишине ийгиликтерди каалашты.
Б.Чойбеков атындагы музейди капиталдык оңдоодон толук өткөрүү үчүн 6 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул имарат буга чейин айылдын мектеби болгон.
Мындан тышкары Кара-Ой айылында спорт комплексин куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпы 40 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Курулуш иштери 2020-жылы башталып, бирок аягына чейин бүтпөй калган.
2023-жылы куруу иштери кайра жанданып, эки кабаттуу спорт зал пайдаланууга берилди.
Ушул эле Кара-Ой айылында 30 орундуу тигүүчү ишкана ишке берилди. Бул долбоорго 18 млн сом каралган. Мында айылдан 40ка жакын кыз-келиндер жумуш оруну менен камсыз болушту.
Тигүүчү ишкананы «Айко Сейко» ЖЧКсы негиздеди.
Ошондой эле, айыл элинин транспорттук керектөөсүн чечүү максатында айыл элине 1 пикап, 1 кичи автобус алынды.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Aiko Seiko» (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коому 20.03.2014-жылы кайра каттоодон өткөн. Жетекчиси: Жусуев Куван Сайдмаматович. Ишмердүүлүгү: трикотаж кийимдерин чыгаруу.