Turmush — Ош технологиялык университетинде курстук долбоорлорду кабыл алуу көргөзмөсү өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, архитектура, дизайн жана графика кафедрасында курстук долбоорлорду кабыл алуу боюнча көргөзмө уюштурулду. Мында архитектура, айлана-чөйрөнүн архитектуралык дизайны багытынын студенттери өздөрүнүн колдорунан жаралган дизайнердик эмгектерин көргөзмөгө алып чыгышты.
Салттуу түрдө кафедрада ар жыл сайын эки жолу (күзгү жана жазгы семестрде) курстук долбоорлордун көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул иш-чара 1-2-курстарда окуган студенттер үчүн багыт берүүчү катары эсептелет. Алардын ар бир аткарган жумуштары көпчүлүктүн көз карашы менен бааланарын билип, алардын эмгегин бир эле окутуучу баалай албасын практика жүзүндө көрүшөт. Бул студенттерге мотивация болот.