Turmush — Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл аймагындагы Полярная көчөсүнө суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин бул көчөдө суу түтүктөрү болгон эмес.
«Алгачкы жолу орнотулуп жатат. Эми көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болот.
Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп, ага түтүктөрдү сатып алдык. Таза суу ишканасынын кызматкерлери орнотуу иштерин аткарып жатышат. Жалпы 2,5 чакырым суу түтүгү орнотулат», - деп айтылат маалыматта.