Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 30.04.2014 17:59

Ак-Суу районунун ардагерлери аким Ж.Байсеитовдон дарыгерлерди бат-баттан жиберип турунуу суранышты

Turmush -  Ак-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери аким Жолдошбек Байсейитовдон аларга бат-баттан дарыгерлерди жөнөтүп турууну суранышты.

Айыл башчы билдиргендей, жергиликтүү ФАПтын дарыгерлери дайыма согуштун ардагерлерине барып турушат, бирок аларга тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлү керек.

«Ардагерлерди жакшылап кароо керек. Аларды эми айына 2-3 жолу райондук ооруканын дарыгерлдери келип, текшерип турушарына сөз бердим», - деди ал.

Анын айтусу боюнча, райондун 9 ардагеринен болгону үчөө гана өз алдынча басып жүрө алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×