Turmush — Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында Панкоста шишигине операция жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы жолу ОшМУнун медициналык клиникасында оң өпкөнүн жогорку бөлүгүнүн Панкоста шишиги (плевралдык локализациялуу апикалдык рак) менен ооруган бейтапка лимфа түйүндөрүн кесүү менен оң тарапка торакоскопиялык (көкүрөгүн ачпай, 3 кичине тешикчелерден) жогорку лобэктомия операциясы жасалды.
Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, хирург дарыгер, онколог Жанек Белеков, Бишкек шаарынан келген хирург, профессор Мухамедали Маткалыков жана хирург Арстан Назармаматов ийгиликтүү жасашты.
Клиникадан билдиришкендей, учурда бейтаптын абалы туруктуу.
ОшМУнун медициналык клиникасында 2023-жылдын январь айында ашказан шишигине чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалган. Учурда окуу жайдын клиникасынын операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.