Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө айылына караштуу Кош-Тектир тилкесинин жашоочулары үчүн көмөкчү чордон орнотулуп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Кош-Тектир тилкесинде 12 кожолук жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин жашоочуларга электр жарыгы көйгөй жаратып келген.
«Анткени көмөкчү чордон жок болгондуктан 0,1 фаза менен башка жактан жасалма жол менен электр тогун тартып, пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө аталган тилкеге өзүнчө көмөкчү чордон орнотулуп, талаптагыдай электр зымдарын тартуу менен толук кандуу жарык берүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Каржы жергиликтүү бюджеттен бөлүндү», - деп айтылат маалыматта.