Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуКочкор району 30.04.2014 13:28

Кочкор районунда жыл башынан бери кургак учук оорусуна чалдыккан 12 жаран катталган

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда 2014-жылдын апрель айына карата кургак учук (туберкулез) оорусу менен катталгандардын саны 12ни түзүп, анын ичинде ачык түрү менен ооругандары көбүрөөк, деп билдирди Кочкор райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Арзанкүл Боронбаева.

«Ооруну алдын алууда бул боюнча маалыматтарды кеңири таратып турабыз. Бул кургак учук боюнча жылдан жылга көбөйүп келе жатканы байкалууда. Бул негизинен Кочкор району ар кошкон элден тургандыктан жана аймак тазалыкка, санитарияга жакшы мамиле кылбагандан улам чыгууда. Оорунун алдын алууда көңул кош мамиле кылган элдер көп, ошондой эле аракечтиктин айынан, туура эмес тамактануу жана жакырчылыктын кесепетинен оорунун саны көбөйүп жылдан жылга өсүп жатат», - дейт А.Боронбаева.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2013-жылы Нарын облусунун Кочкор районунан сарык оорусунун түрлөрү да күч алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×