Turmush — Таластын тургуну Өмүрзак Турсункулов өмүрүн ветеринардык кесипке арнаган. Учурда тургундарды сүт багытындагы уйларды көбөйтүү боюнча окутуп жатат.
Каарманыбыз 1954-жылы Айтматов районунун Көк-Сай айылында туулган. 1972-жылы Көк-Сай орто мектебин аяктап, 1973-жылы советтик армиянын катарында кызмат өтөөгө жөнөгөн. 1975-жылы мекенине кайтып келип, Фрунзе айыл чарба техникумунда билим алган. Аны 1978-жылы аяктаган.
«Ошол кездеги Ленинполь районундагы «Бейшеке» колхозуна жолдомо менен келип, ветеринардык ишти баштагам. 1982-жылы Алмата зооветеринар институтуна сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, аны 1988-жылы аяктагам. Убагында ветеринардык кызматтын кандай экенин, баарын үйрөндүм, түшүндүм. Колхоздо иштеп жүрүп көп нерсени көрдүм. Кийин райондук ветеринардык башкармалыкта инспектор болуп иштедим. Бирок «Бейшеке» колхозун эле тейлечүмүн. Районго 2 жолу, жергиликтүү кеңешке 2 жолу депутат болгом. "Мыкты ветеринар" деген төш белгинин ээсимин.
2 уул, 3 кыздын атасымын. Балдарым үй-бүлөлүү болуп калышкан. Бир уулум менин жолумду жолдоп, Көк-Сай айыл аймагында жеке ветеринардык ишкананы жетектеп келет. Ага дайыма жардам берем. Өзү да түшүнбөгөн жери болсо мага кайрыла алат. Биздин учурда жеке мал деген жок болчу. Баары колхоздуку болчу. Ошол убакта эски метод менен кышында начар козуларды элге таратып, алар багып берчү. Биздин башкармалык ошол таркатылган козуларды барып текшерип турчубуз. 2-3 күндө 1 жолудан барчумун. Бир жолу ошентип текшерип жүрүп, бирөөнүн үйүнө барсам, козусу көк мээ болуп ооруп калган экен. Анда өзүм да жаңы иштеп жаткан учур. «Эми эмне кылам?» деп, ал козуга операция жасап, мээсиндеги куртту алып, жакшынакай кылып карадым. Ал козу 1-2 күндөн кийин жакшы болуп кетти. Кийин ал козу аябай семиз кой болуп чыкты. Андан соң козуну баккан киши башкарма болуп калды. Ошондо ал: «Ветеринар иштебейт десе, иштейт эле турбайбы. Алар мындай болуп иштесе, көптөгөн малдарды оорудан сактап калмак экенбиз да. Мына менин багып жаткан бир козум көк мээ болуп калган учурда операция кылып айыктырып койду» деп баарына көрсөтүп чыккан. Ошондо аябай сүйүнүп, элдердин алкышын уктум. Андан кийин эле цех методу менен иштеп калдык. Мисалы: атты өзүнчө, койду өзүнчө, уйду өзүнчө кылып багып баштадык. Ошол маалда «Лелинполь» колхозунда 8 жыл иштедим. Комплекстин башчысы, башкы ветеринар болдум. Ошондо чарба эсеп деген чыкты. Ар бир мал санакта. Күн сайын мал канча салмак кошту, канча тоют жеди деп санап турган учур эле. 4 миң баш кара мал эле.
Бир кызык окуя болду. Бир тракторист окуганды билбейт экен, бирок цифраны жакшы билет экен. Мен өзүм башка жактык болгондуктан, мени сынайын дедиби, ошол мал турган жерди түздөгөнү жолдомосун алып келиптир. Ал жердин аянтын эсептеп, жазып келиптир. Мейли деп унчукпай кол коюп койдум. Дагы 10 күндөн кийин келди. Анда дагы көп жерди сүрдүм деп жазып келди. Анан унчукпай турдум да, ар бир кагазына тактама жаздым. Өзүнө айткан жокмун, бирок тактамага «бул жалкоо, мынча жерди эле сүрүп, кылган ишинин санын көбөйтүп жазып келип жатат. Айлыгын кыскарткыла» деп жазып бергем. Ал сыртка чыгып алып, «мага көп айлык келет. Мен мынча деп кетирдим эле. Баарына эсептебей, макул болуп койду» деп айтыптыр. Эртеси күнү баарына айлык келгенде, ага абдан аз келди. Анан чуркап барып, «эмне болду?» деп сурайт. Ошондо баягы кагаздагы жазууну окуп беришкен экен. Ошону менен ал тракторист бети күйүп, мага келе алган жок. Кийин жолугуп калып, ошондо кылганына кечирим сурап, кол алышкан элек», - деди ал.
Андан кийин каарманыбыз Талас облустук ветеринардык бөлүмдө 2 жыл иштеген.
«Колхоз тараган соң, жеке ветеринардык сервис ачып, биринчи мен иш алып баргам. Ошондо элге ветеринардык кызмат көрсөтүү кандай болот экенин көрсөтүп, ал сервис бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылып келүүдө. Кийин 2007-жылы айыл өкмөт башчы болуп 1 созыв иштедим. Андан бери айыл чарба долбоорлору менен иштеп келе жатам. Учурда уйдун сүт багытындагы породаларын көбөйтүү боюнча элди окутуп келе жатам. Азыр 5 уй бакканча, 1 сүттүү уй бак деп кеңеш берем.
Жубайым математика мугалими. Эл агартуу тармагында 40 жыл эмгектенген. Жумушума эң чоң колдоо көрсөткөн адам — жубайым», - деди ал.