Turmush — ОшТУнун студенттери жана магистранттары эл аралык конференцияда алдыңкы орунду ээледи. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын студенттери, магистранттары жана магистрлери — Айзат Шерова, Каныкей Чынтураева, Гүлиза Маматиса кызы жана Арууке Адылмырза кызы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, ийгилик жаратты.
«Биотехнологиянын горизонттору» аталышындагы конференция Россия Федерациясынын И.С.Тургенев атындагы Орёл мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, ага жаш окумуштуулар, аспиранттар жана магистранттар катышты.
Жыйынтыгында ОшТУнун жаш окумуштуулары илимий изилдөө сынагынын негизги жеңүүчүлөрү деп табылды. Конференциянын уюштуруучулары жана жеңүүчүлөрдү аныктоо комиссиясы ОшТУнун катышуучуларынын илимий иштерин эң кызыктуу деп жогору баалашты.