Turmush — Ош технологиялык университетинин 3 студенти президенттин стипендияга ээ болду.
23-декабрда Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Жыл аяктап баратканда салтка айланган жакшы жөрөлгөнүн ээси болуп өлкө боюнча 75 студент табылып, ар бирине 60 000 сомдон тапшырылды. Стипендияны окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланып, жакшы максаттар менен келечекке умтулган, жакшы жетишкендиктерге жетишкен студенттер алды.
Ош технологиялык университетинен энергетика факультетинин ЭиЭТ-1-20 тайпасынын студенти Турапов Айдарбек Актанович, экономика жана башкаруу факультетинин СР-1-20 тайпасынын студенттери Райымбердиева Тунук Түгөйбековна жана Жамалдинова Бегимай Жамалдиновна президенттик стипендиянын ээси болушту.