Turmush — Ош технологиялык университетиндеги Сежоң корей тил борборунда күзгү семестрдин бүтүрүү аземи өткөрүлдү.
Бул семестрге катталган 235 студенттин арасынан 201 студент сынакты ийгиликтүү тапшырып, курсту бүтүргөндүгү тууралуу сертификатка ээ болушту. Ошондой эле ар бир тайпа боюнча мыкты окуган студенттерге мактоо баракчалары, сабактарга толук катышкан студенттерге артыкчылык баракчалары жана белектер тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшү мугалимдер жана студенттер тарабынан даярдалган ыр-бийлер менен коштолду. Аталган иш-чарага ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев катышып, студенттерди корей тил курсун ийгиликтүү бүтүрүшү менен куттуктады.
Сежоң корей тил борборунда жылына эки жолу, жазгы жана күзгү семестрге жаңы студенттер кабыл алынат.