Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Кытай Эл Республикасынын II педагогикалык университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.
20-декабрь күнү окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев Кытайдын Нанкин шаарындагы II педагогикалык университетинен келген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда алгач Яо Жын Бяо баштаган өкүлдөр өздөрүнүн университети тууралуу чакан маалымат беришип, окуу жайга келүү максатын айтышты.
«Биз Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына биринчи ирет келдик. Биздин максатыбыз эки өлкөнүн ЖОЖдорунун жана мектепке чейинки билим берүү мекелеринин кызматташтыгына байланыш түзүү жана педагогикалык тажрыйба алмашуу болуп саналат. Бул менен бирге студенттердин мобилдүүлүк программасын жана окутуучулардын билимдерин жогорулатуу окуу курстарын уюштурууга кызыкдарбыз. Жалпысынан билим берүү тармагында эл аралык долбоорлорду бирге ишке ашырууну каалайбыз», - деп билдирди II педагогикалык университетинин ректорунун орун басары Яо Жын Бяо.
Баарлашуудан соң жетекчилер эки тараптуу макулдашуунун жыйынтыгы менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту.
Андан соң окуу жайдын жаңы имаратына экскурсия жүрүп, ректор делегация мүчөлөрүнө окуу жайдагы окуу процесси менен жакындан тааныштырды.