Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Навои мамлекеттик кенчилик жана технологиялар университетине иш сапар менен барып келди.
Университеттин окуу иштери боюнча У.Ж.Мамытов делегацияны жетектеди. Иш сапар окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде уюштурулду.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, академиялык мобилдүүлүктү профессордук-окутуучулук курам менен бирге студенттерге дагы күчөтүү, окуу жайлар аралык илимпоздор менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.
ОшТУнун делегациясы аталган университеттин материалдык- техникалык базасы жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
Ош технологиялык университети менен Навои мамлекеттик кенчилик жана технологиялар университети буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.