Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Талас облусу, Талас 29.04.2014 09:02

Таласта медициналык мекемелердин материалдык базасын чыңдоо боюнча бир катар иш-чаралар аткарылууда

Turmush -  Учурда Талас облусунда медициналык мекемелердин материалдык базасын чыңдоо боюнча бир катар иш-чаралар аткарылууда, деп маалымдады өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Талас облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Аттокур Шадиевдин айтымында, 2013-жылы жана быйылкы жылдын биринчи кварталында мамлекеттик каржы булактарынан каражаттарды жана чет элдик донор уюмдардын гранттарын тартуу боюнча иштер жүзөгө ашырылган. Тартылган каражаттардын эсебинен аймактагы саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп түзөө, аларды медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада Бакай-Ата районунун Каракоюн айылына жаңы ФАП салынып, райондук санитардык-эпидомологиялык мекеменин имараты оңдолгон. Облустун медициналык мекемелерин оңдоп түзөөгө 14,1 млн сом жумшалса, медициналык жабдууларды алууга 11,6 млн сом пайдаланылган.

Ошол эле учурда облустун медицина тармагына ультро үндүү аппараттар, физиотерапевдик аппараттар, интсрументтерди стерилизациялоо үчүн атайын жабдыктар керектелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×