Turmush — Ош технологиялык университетинин делегациясы Өзбекстандын Хорезм облусундагы Ургенч мамлекеттик университетинде болушту. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, делегацияны окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов жетектеп, курамына табигый-техникалык факультетинин деканы, профессор М.Алдашев, кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы, профессор Ш.Сайдаматов жана гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу У.Элчибеков кирди.
Делегациянын курамын университеттин жетекчилиги тосуп алып, УрМУнун ректору Б.Абдуллаевдин, проректорлордун, тиешелүү факультеттердин декандарынын катышуусунда расмий жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосунда илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.