Turmush — Ош технологиялык университетинин студенттери «Новациядан инновацияга карай» стартап аянтчасына чогулушту.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул инновациялык стартап марафону студенттердин кыялдарын ишке ашыруу, чыгармачыл жана инновациялык идеяларды колдоо, жаштарды технология, бизнес жана социалдык ишкердик чөйрөлөрүнө бириктирип, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн катализатор болууга багыттоо максатында уюштурулду.
Аталган иш-чарада студенттер учурдагы көйгөйлөрдү гана чечпестен, коомдун өнүгүшүнө дагы салым кошкон долбоорлорду түзүүнүн жолдорун үйрөнүштү. Ошондой эле, технологиялык инновациялардан баштап экология жана социалдык өнүгүү долбоорлоруна чейинки ар кандай идеялар көрсөтүлдү.
Иш-чарада эксперттер долбоорлорду баалап, алардын потенциалын жана коомго тийгизген таасирин баалашты. Калыстар тобу тарабынан берилген упайлардын негизинде АРХ-1-20 тайпасынын студентти Бектемир Муктаровдун өзгөчө «Автоунаанын күйүү свечасын кайрадан иштетүү» долбоору жеңүүчү болуп табылды. Жыйынтыгында бул долбоорду мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде бул долбоорго патент алуу маселелери каралды.
«Новациядан инновацияга карай» марафону чыгармачыл жаштар үчүн аянтча гана болуп бербестен, студенттерди инновация дүйнөсүндө жаңы идеяларды издөөгө шыктандырды.
ОшТУ жаштар арасында креативдүүлүктү жана ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүп, студенттик стартаптарды колдоону улантууну көздөйт.